чыгым2

китептерде 30 жолу, 8 китепте чыгым 1 →
  1. Эгиндин, өсүмдүктөрдүн өнүп чыгышы, өнүмү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тилегин кабыл алганы, / Же алтын-күмүш албады, / Жылына мындай бергин, деп, / Жылгысыз чыгым салбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыркка жашың чыкканча, / Кыймылдабай сен жаттың, / Бар чыгымың көтөрүп, / Кыңк этпестен мен бактым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Баатырлыгын кубаттап, / Айылга кетсе ар кайдан / Чыгым болом дейсиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жөө кетели барыбыз, / Көп болду казак чыгымы, / Элүү миң аттуу аскердин, / Музбурчактын Аккубак, / Качып кеткен жапанды, / Табабыз — деп, — кубалап, / Күндү жайлап дубалап, / Муздатып жолго салды эчак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Он беш сом чыгым түшүптүр, эми кайдан таап бердик? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →