чыгым1
- Жумшалган каражат.
- Чыгаша, өлүм-житим (көбүнчө малга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тилегин кабыл алганы, / Же алтын-күмүш албады, / Жылына мындай бергин, деп, / Жылгысыз чыгым салбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыркка жашың чыкканча, / Кыймылдабай сен жаттың, / Бар чыгымың көтөрүп, / Кыңк этпестен мен бактым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Баатырлыгын кубаттап, / Айылга кетсе ар кайдан / Чыгым болом дейсиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жөө кетели барыбыз, / Көп болду казак чыгымы, / Элүү миң аттуу аскердин, / Музбурчактын Аккубак, / Качып кеткен жапанды, / Табабыз — деп, — кубалап, / Күндү жайлап дубалап, / Муздатып жолго салды эчак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Он беш сом чыгым түшүптүр, эми кайдан таап бердик?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →