чор2

китептерде 17 жолу, 5 китепте чор 1 →
  1. Күң, башы бош эмес, кожоюнга көз каранды аял.
  2. өт. Томаяк, эң кедей.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өткөн күндү унутпас, / Келер ишти болжолдоп, / Өтө Бакай көрөгөн, / Тар көчөдө жол тапкан, / Талашканда кеп тапкан, / талкаланган сынганга, / Дары салып эп тапкан, / Түртүшкөндө кеп тапкан, / Түн ичинде жол тапкан, / Күпүр айтпай кишиге, / Өз көзүнө чорт айткан, / Абаң келет жандашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Суратыптыр Акбалта, / Сөзсүз берет Буудайык, / Кийерге келет Ак олпок, / Бузулган жерин оңдоймун, / Үзүлгөн жерин улаймын, / Була салып булаймын, / Жыртылган жерин жамаймын, / Кыргагын алтын чордоймун, / Чыраш тартып сыртынан, / Жибек менен тордоймун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сайдырбай найза жазгырды, / Жонуңа найза батырды, / Минген атың Чор атты, / Сени атынан кулатты, / Сейиттин көөнү жай алды, / Агызып сенден кан алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бачымыраак барып кел, / Ар кайда жүрбөй чор болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Таш тилип чор болуп таманыбыз тартылбайт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →