чор1
- Өйкөлүүдөн же кысылуудан пайда болгон теринин калыңданып калган жери.
- Кандайдыр бир зыянга учурап же сынып кайра бүткөндө уруюп чыгып калган жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өткөн күндү унутпас, / Келер ишти болжолдоп, / Өтө Бакай көрөгөн, / Тар көчөдө жол тапкан, / Талашканда кеп тапкан, / талкаланган сынганга, / Дары салып эп тапкан, / Түртүшкөндө кеп тапкан, / Түн ичинде жол тапкан, / Күпүр айтпай кишиге, / Өз көзүнө чорт айткан, / Абаң келет жандашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Суратыптыр Акбалта, / Сөзсүз берет Буудайык, / Кийерге келет Ак олпок, / Бузулган жерин оңдоймун, / Үзүлгөн жерин улаймын, / Була салып булаймын, / Жыртылган жерин жамаймын, / Кыргагын алтын чордоймун, / Чыраш тартып сыртынан, / Жибек менен тордоймун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сайдырбай найза жазгырды, / Жонуңа найза батырды, / Минген атың Чор атты, / Сени атынан кулатты, / Сейиттин көөнү жай алды, / Агызып сенден кан алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бачымыраак барып кел, / Ар кайда жүрбөй чор болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Таш тилип чор болуп таманыбыз тартылбайт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →