чара2
- Кандайдыр бир нерсени иш жүзүнө ашыруу максатында жүргүзүлгөн аракет.
- Жаза.
- Амал, айла, арга.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жок жеринен чатак таап, / Чуу салбагын айылга, / Арадай жерге чарадай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көтөрбөскө чара жок, / Көтөрдүк теңир салганын, / Акыры ушул жалгандын, / Калдайып бирге келе албай, / Ушул менин арманым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ырайдан жанса арам ит, / Көзүңөр көрүп турарсың, / Жанбай койсо ырайдан, / Бир чарасын кыларсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арамдык менен астыртан, / Айла, амал, чара издеп, / Кайда болсо жамандык, / Калтырбастан кана издеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Көнбөскө чара жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →