чара1

китептерде 76 жолу, 9 китепте чара 2 →
  1. Тамак-аш салуу же куюу үчүн колдонулуучу ар кандай металлдардан жасалган, ооз жагы жайык келген тегерек чуңкур идиш.
  2. Казанактын (мүрзөдө) ооз жагындагы чуңкур.
  3. аңч. Капкандын бардык тетиктерин бириктирип турган эң астыңкы тегереги.
  4. Комуз менен кыл кыяктын арткы тегерек оюгу.
  5. диал. Ээрдин көчүк жагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жок жеринен чатак таап, / Чуу салбагын айылга, / Арадай жерге чарадай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көтөрбөскө чара жок, / Көтөрдүк теңир салганын, / Акыры ушул жалгандын, / Калдайып бирге келе албай, / Ушул менин арманым! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ырайдан жанса арам ит, / Көзүңөр көрүп турарсың, / Жанбай койсо ырайдан, / Бир чарасын кыларсың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Арамдык менен астыртан, / Айла, амал, чара издеп, / Кайда болсо жамандык, / Калтырбастан кана издеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Көнбөскө чара жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →