чап3
- Ичтин төмөн жагы менен сандын кошулушкан жериндеги жука, такыр жери (көбүнчө малга карата).
- Чөп чыкпай турган же чыкса да сейрек чыга турган тоонун боору, жантайма бет.
- диал. Жаңыдан гана көрпөсү чыгып келе жаткан козунун териси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтай каңгай тоолорун, / Жердеп жүргөн кыргызды, / Моңгул айдап чапканда, / Ойноп жүргөн балдардын, / Шилисинен тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каптап келген отузду, / Имерип тийди Кененим, / Чокморлууга чаптырбай, / Найзалууга кактырбай, / Аралап өтө бергенде, / Найзакерден экини, / Чокморлуудан бешөөнү, / Томолотуп өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кутунайдын Камбылкер, / Аталуу күлүк мал эле, / Кыргыздар атты чапканда, / Бештен төмөн түшпөгөн, / Ортосунда бар эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күүлөп урган күрзүсүн, / Күчү менен чабаарда, / Эр Сыргактын денесин, / Жерге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийи…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айрыкча турат эсимде, / Кармагының буура, деп, / Чуркагының турба, деп, / Чакчаңдап камчы чапканың, / Өз ордума жаткырбай, / Ороого айдап таштадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →