чап2

китептерде 1007 жолу, 10 китепте чап 1 →чап 3 →чап 4 →
  1. Атчан катуу жүрүү, атты катуу чуркатуу.
  2. Алга умтулуу, илгерилөө, алга жөнөө.
  3. өт. Бир жакка тез барып келүүгө жумшоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтай каңгай тоолорун, / Жердеп жүргөн кыргызды, / Моңгул айдап чапканда, / Ойноп жүргөн балдардын, / Шилисинен тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып а… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каптап келген отузду, / Имерип тийди Кененим, / Чокморлууга чаптырбай, / Найзалууга кактырбай, / Аралап өтө бергенде, / Найзакерден экини, / Чокморлуудан бешөөнү, / Томолотуп өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кутунайдын Камбылкер, / Аталуу күлүк мал эле, / Кыргыздар атты чапканда, / Бештен төмөн түшпөгөн, / Ортосунда бар эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күүлөп урган күрзүсүн, / Күчү менен чабаарда, / Эр Сыргактын денесин, / Жерге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийи… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айрыкча турат эсимде, / Кармагының буура, деп, / Чуркагының турба, деп, / Чакчаңдап камчы чапканың, / Өз ордума жаткырбай, / Ороого айдап таштадың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →