чакылдак2
- Тегирмендин ташы айланган сайын ага буудайды өз өлчөмү менен түшүрүп туруучу жыгач.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бөксөдө бөрү көналбай, / Көөнүнчө жандар жүрө албай, / Балтадан чыккан чакылдак, / Түн ичинде болгондо, / От чагылып жалтылдап, / Кош көрүнүп корконго, / Муунуна кирип калтылдак, / Чарайнага найзанын, / Учу тийет такылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Найза менен сайгылап, / Чокмор менен койгулап, / Балта менен чапкылап, / Дабытайдын башынан, / Кетпей турат чакылдак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кумсар менен шуркуйа, / Дубасын окуп купуйа, / Кара куйун шамалын, / Чакылдак түшчү жаанын, / Кылып жатат барынча, / Колунан келчү амалын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аликенин эжеси, / Аты экен Чакылдак, / Сүйлөп жатат Чакылдап, / Шилекейи куйулуп, / Ууртунан агып тапылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →