чакылдак1

китептерде 4 жолу, 3 китепте чакылдак 2 →
  1. (кара чакылдак) Сазда жашоочу канаттуу куштун бир түрү, кулаалы.
  2. диал. Чак-чак этип катуу үн чыгарып, кээде адамга жабыша кала турган, көбүнчө таш-дубалдардын кычыгында жашоочу кескелдирик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бөксөдө бөрү көналбай, / Көөнүнчө жандар жүрө албай, / Балтадан чыккан чакылдак, / Түн ичинде болгондо, / От чагылып жалтылдап, / Кош көрүнүп корконго, / Муунуна кирип калтылдак, / Чарайнага найзанын, / Учу тийет такылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Найза менен сайгылап, / Чокмор менен койгулап, / Балта менен чапкылап, / Дабытайдын башынан, / Кетпей турат чакылдак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кумсар менен шуркуйа, / Дубасын окуп купуйа, / Кара куйун шамалын, / Чакылдак түшчү жаанын, / Кылып жатат барынча, / Колунан келчү амалын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аликенин эжеси, / Аты экен Чакылдак, / Сүйлөп жатат Чакылдап, / Шилекейи куйулуп, / Ууртунан агып тапылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →