уук2
- Уулануу.
- өт. Жаны күйүү, жанына батуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тастар боосу эшиктин, / Алты кыр чалган кенептен, / Ууктун боосу сегиз түр, / Окшобогон жибектен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…олтуруп, / Таласка барат томсоруп, / Алтымыш илек кол болсо, / Анда-мында олтурган, / Көчмөн кыргыз эл болсо, / Аз болбосо мол болсо, / Андай сонун иш болсо, / Уугуңду шиш кылат, / Унуткусуз иш кылат, / Мурдуңду тилип туз куйат, / Мурутуңду жулбайбы, / Өз билгенин кылбайбы, / Кымызга сууну куйбайбу, / Кызыңды катын кылбайбы, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кызыл уук болуп кыргызың, / Кыйын болуп жумушуң, / Талоонго кетип калбасын, / Жаман турат каңгайлар, / Кудай бетин салбасын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…збасам, / Көкөлөп учуп чыкпасам, / Кара Кырым, Каңгайга, / Каталаң деген калдайга, / Барып кабар айтпасам, / Калкайтып кара кошуунун, / Алып келип бул жерге, / Уугуңду шиш кылып, / Унуткусуз иш кылып, / Катыныңды тул кылып, / Ханыңды кул кылып, / Хан башыңды кул кылып, / Кыздарыңды күң кылып, / Боз уланың кар кылып, / Түшүңө …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Дөөлөт-бак деген Кызайдын жанына түшүп, көлдөн ала чыккан бир аз ууктарды жерге сайып жиберип, алачык жасап алдык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →