уук1

китептерде 16 жолу, 7 китепте уук 2 →
  1. Боз үйдүн түндүгү менен керегесин бириктирүүчү, түндүккө бириге турган жагы учтуу, керегеге бириге турган жагы бир аз ичин көздөй ийилип, жалпак келген узун жыгач.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тастар боосу эшиктин, / Алты кыр чалган кенептен, / Ууктун боосу сегиз түр, / Окшобогон жибектен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…олтуруп, / Таласка барат томсоруп, / Алтымыш илек кол болсо, / Анда-мында олтурган, / Көчмөн кыргыз эл болсо, / Аз болбосо мол болсо, / Андай сонун иш болсо, / Уугуңду шиш кылат, / Унуткусуз иш кылат, / Мурдуңду тилип туз куйат, / Мурутуңду жулбайбы, / Өз билгенин кылбайбы, / Кымызга сууну куйбайбу, / Кызыңды катын кылбайбы, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кызыл уук болуп кыргызың, / Кыйын болуп жумушуң, / Талоонго кетип калбасын, / Жаман турат каңгайлар, / Кудай бетин салбасын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…збасам, / Көкөлөп учуп чыкпасам, / Кара Кырым, Каңгайга, / Каталаң деген калдайга, / Барып кабар айтпасам, / Калкайтып кара кошуунун, / Алып келип бул жерге, / Уугуңду шиш кылып, / Унуткусуз иш кылып, / Катыныңды тул кылып, / Ханыңды кул кылып, / Хан башыңды кул кылып, / Кыздарыңды күң кылып, / Боз уланың кар кылып, / Түшүңө … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Дөөлөт-бак деген Кызайдын жанына түшүп, көлдөн ала чыккан бир аз ууктарды жерге сайып жиберип, алачык жасап алдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →