түп3

китептерде 635 жолу, 10 китепте түп 1 →түп 2 →
  1. Дүп этип, кыска ачыгыраак, бөлүнүп-бөлүнүп чыккан дабышты билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чаңбейсенди аралап, / Жашырынып түбүндө, / Калган бурут турбабы, / Уйалгансып жөн койсоң, / Коңшусунан кол алат / Анан сага кол сунат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүйлөбөй баары токтолду, / Каргылданып Каныкей, / Айта турган окшонду: / — Сейитектин кебине, / Мен ыраазы түбүндө, / Мунабу турган Бакайга, / Манас билги талашпай, / Берип жүргөн күнүндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Чаначтын түбүндө бөлтөйгөн бирдеме жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Чыныбек эртең менен эликке барып чынар теректин түбүндө жаткан жеринен, арканын үч тегеретип ыргытып, атына минип, көрүнбөй кете берди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →