түп1
- Кандайдыр бир тереңдик абалындагы нерсенин төмөн жагы, асты жагы, төмөнкү бөлүгү.
- Бир нерселердин жерге тийип туруучу астыңкы бөлүгү, асты жагы.
- Тамак жегенде калган же атайын калтырылган тамактын калдыгы, кешик.
- Өсүмдүктүн жерге батып турган тамыры, бөлүгү.
- Өсүмдүктүн, жыгачтардын, бадалдын өсүп турган айрым даанасы, өзүнчө бир тобу.
- Бактын, үйдүн ж.б. жакын айланасы, жаны, тегереги.
- Акыры, эң аягы.
- Тек, ата-баба, түпкү теги, тукуму.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чаңбейсенди аралап, / Жашырынып түбүндө, / Калган бурут турбабы, / Уйалгансып жөн койсоң, / Коңшусунан кол алат / Анан сага кол сунат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүйлөбөй баары токтолду, / Каргылданып Каныкей, / Айта турган окшонду: / — Сейитектин кебине, / Мен ыраазы түбүндө, / Мунабу турган Бакайга, / Манас билги талашпай, / Берип жүргөн күнүндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Чаначтын түбүндө бөлтөйгөн бирдеме жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чыныбек эртең менен эликке барып чынар теректин түбүндө жаткан жеринен, арканын үч тегеретип ыргытып, атына минип, көрүнбөй кете берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →