туш2

китептерде 360 жолу, 10 китепте туш 1 →
  1. муз. Салтанаттуу кырдаалда (урматтоо, куттуктоо, сыйлык тапшыруу ж.б. учурларында) аткарылуучу кыска музыкалык пьеса.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аны менен тим болбой, / Семетейдин тушунда, / Кошуун курап кол чайкап, / Таласка хандар не барды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күүсү менен найзанын, / Көмөлөтүп баратат, / Бет алган жагы чуркурап, / Туш-тушуна тарашат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андан бери карасам, / Чатырды көрдүм талаадан, / Кетейин деп жөнөсөм, / Туш-тушумдан ат койуп, / Адамдар чыкты аламан, / Сийдигим булут айланып, / Куурулуп калды заманам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп Карчыга "Ким жамбыны атып түшүрсө, ошого кызымды беремин", деп той берип жаткан Ак кандын тоюна туш келет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →