туш1
- Бир нерсенин оң же сол жагы, тарабы, каптал жагы, туура жагы.
- Белгилүү бир учур, белгилүү бир убакытка, окуяга ж.б. туура келген мезгил.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аны менен тим болбой, / Семетейдин тушунда, / Кошуун курап кол чайкап, / Таласка хандар не барды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күүсү менен найзанын, / Көмөлөтүп баратат, / Бет алган жагы чуркурап, / Туш-тушуна тарашат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Андан бери карасам, / Чатырды көрдүм талаадан, / Кетейин деп жөнөсөм, / Туш-тушумдан ат койуп, / Адамдар чыкты аламан, / Сийдигим булут айланып, / Куурулуп калды заманам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп Карчыга "Ким жамбыны атып түшүрсө, ошого кызымды беремин", деп той берип жаткан Ак кандын тоюна туш келет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →