тур2

китептерде 6212 жолу, 10 китепте тур 1 →
  1. Тикесинен келген абалда, баса турган абалда болуу, отуруп же жатып албай өйдө болуу.
  2. Белгилүү бир жерде, үйдө турак алып, тиричилик кылуу, жашоо.
  3. Өлбөй-житпей жашап калуу, аман-эсен болуу.
  4. Бар болуу, болуу.
  5. Белгилүү бир орунда, жайда болуу, белгилүү бир абалда болуу.
  6. Кызмат ордун ээлөө, дайындалуу.
  7. Жалдануу, жалданып иштөө; кызматын кылуу.
  8. Баасын, наркын билдирүү үчүн колдонулат.
  9. Кандайдыр бир курамдагы түзүлүштү, анын курамын билдирүү үчүн колдонулат.
  10. -ганы, -ган формалары уланган сөздөрдөн кийин кыймыл-аракеттин, окуянын, кубулуштун, ойдун ж.б. болорун, ишке ашуусу мүмкүн экендигин, ниеттенгендигин билдирүү үчүн колдонулат.
  11. -мак, -сун, -гай формаларында келгенде «түгүл», «ал гана эмес» деген сыяктуу күчөтүү маанисин берет.
  12. Оолактатуу, алыстатуу, кандайдыр аракетти токтотуу керек экендигин билдирүү үчүн колдонулат.
  13. Кыймыл-аракеттин үзгүлтүксүз болуп турушун белгилүү бир абалдын узакка сакталышын билдирүү иретинде жардамчы этиш катарында колдонулат.
  14. Кыймыл-аракеттин, окуянын абалдын ж.б. күтүүсүздөн, эрктен тышкары болгондугун жана мурда андан кабарсыз экендигин билдирүү же ырастоо иретинде «тура», «турбайбы» формаларында колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чачыласың бузулуп, / Ынтымактуу турбасаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Макул деп алды Алооке, / Алооке берген арбын мал, / Мага болду береке, / Алооке бербей турбады, / Кара тайдын колкосу, / Үзүлбөй эки ай чубады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айрыкча турат эсимде, / Кармагының буура, деп, / Чуркагының турба, деп, / Чакчаңдап камчы чапканың, / Өз ордума жаткырбай, / Ороого айдап таштадың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кай бир күндөрдө жумуш кылып жүрүп конуп калып музоого ушул жерден туруп кеткеним бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Эртең дагы алып келем, – деп убада кылды.Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →