тур1
- Вальс бийинин залды бир айланып чыгышы, ошол эле бийдин бир тегерениши.
- Мелдештин, оюндун, өткөрүлүүчү чаралардын ж.б. бир бөлүгү, айрым этабы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чачыласың бузулуп, / Ынтымактуу турбасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Макул деп алды Алооке, / Алооке берген арбын мал, / Мага болду береке, / Алооке бербей турбады, / Кара тайдын колкосу, / Үзүлбөй эки ай чубады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айрыкча турат эсимде, / Кармагының буура, деп, / Чуркагының турба, деп, / Чакчаңдап камчы чапканың, / Өз ордума жаткырбай, / Ороого айдап таштадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кай бир күндөрдө жумуш кылып жүрүп конуп калып музоого ушул жерден туруп кеткеним бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Эртең дагы алып келем, – деп убада кылды.Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →