тиш2
- Унчукпай, үн чыгарбай тынч отур, тим отур деген мааниде колдонула турган сырдык сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чачы адамдын чачындай, / Кашы кара чийгендей, / Көзү адамдын көзүндөй, / Кирпик какса билинип, / Оозунда тиши кашкайып, / Күзгүдөй бети тастайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ей кашы бар, / Жолум үйдөй башы бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оорагың бар арстансың, / Айбатта журтту баскансың, / Оозумда тишим жаркылдап, / Күлүп берсем шалкылдап, / Ачуу үндө баркылдап, / Эки-үчтү тартып жибергин, / Камчы менен жакындап,- / Кепти айтып алп Агыш, / Баштады барып чайкалыш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Кескилеп алган эт да бар, / Иттин тиши тийбесин, / Ит убалын кантебиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кайгыга салып калганды, / Тишин чагып чанданды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →