тиш1

китептерде 147 жолу, 10 китепте тиш 2 →
  1. анат. Тамакты керте тиштөө, үзүп алуу жана майдалап чайноо үчүн кызмат кылуучу сөөк зат, ооз ичиндеги мүчө.
  2. Соконун жана маланын жердин кыртышын тилүүчү, тырмап, майдалоочу миздүү, учтуу бөлүктөрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чачы адамдын чачындай, / Кашы кара чийгендей, / Көзү адамдын көзүндөй, / Кирпик какса билинип, / Оозунда тиши кашкайып, / Күзгүдөй бети тастайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ей кашы бар, / Жолум үйдөй башы бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Ка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оорагың бар арстансың, / Айбатта журтту баскансың, / Оозумда тишим жаркылдап, / Күлүп берсем шалкылдап, / Ачуу үндө баркылдап, / Эки-үчтү тартып жибергин, / Камчы менен жакындап,- / Кепти айтып алп Агыш, / Баштады барып чайкалыш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Кескилеп алган эт да бар, / Иттин тиши тийбесин, / Ит убалын кантебиз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кайгыга салып калганды, / Тишин чагып чанданды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →