тил2

китептерде 743 жолу, 10 китепте тил 1 →
  1. Узун, кууш тилке кылып кесүү, тилик кылуу, тилик кылып кесүү.
  2. Тилке түшүрүп жер айдоо (мис. соко менен) Тракторум күчкө кел, Дыңды бузуп тиле бер! (Турусбеков).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кете берем Бекбача, / Кержеңдесең тил албай, / Кекенчимди чыгарам, / Айдап малың чубатам, / Каратып туруп көзүңө, / Кырк балбаның сулатам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кырк миң торчу анда бар, / Колунда кыйма чынжыр бар, / Аларга мыктап жарлыгын, / Берип жүрөт Чынаача: / — Он миңден төрткө бөлүнүп, / Төрт баатырга барыңар, / Бирден тилди алыңар, / Келтирип туруп кыйамын, / Керилтип торду салыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…п, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ушул жерди жеткирип айта албай, жаман тил менен сомолоп гана койдум. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →