тил1
- Омурткалуу айбандардын жана адамдардын оозунун ичиндеги тамакты чайнап жутууга жардам берүүчү, анын даамын аныктоочу, ал эми адамдарда, андан тышкары, табыш чыгарууга катышуучу орган.
- Сүйлөөгө, өзүнүн оюн айтып түшүндүрүүгө болгон жөндөмдүүлүк.
- Коомдо байланыш-катыш жасоонун, пикир алышуунун куралы болгон тыбыштык жана лексико-грамматикалык каражаттардын системасы.
- Жазуучунун, ар кандай чыгарманын, илимий эмгектердин, публицистиканын ж.б. түрлүүчө белгилер менен мүнөздөлүүчү, өз ара айырмалануучу стили, кеби.
- сог. Керектүү маалымат алууга мүмкүн болгон туткун.
- Сөгүү, сөгүп тилдеп айтылган сөз.
- Ургулаганда, тартканда же какканда дабыш, үн чыгаруучу коңгуроонун, темир комуздун ж.б. ортосундагы аракетке келип туруучу металлдан жасалган бөлүгү, тилке сыяктанып чыгып турган тетиги.
- Кандайдыр бир нерсе жөнүндө кабарлаган билдирүү, жаңылык же башка нерселер жөнүндө алдын ала айтылган, маалымдалган кабар.
- Кимдир бирөөнүн акылын ой-пикирин билдирген сөз, бирөө тарабынан айтылган акыл ой, кеңеш.
- эск. Кандайдыр бир буюмга, мекемеге ж.б. таандык болуп, анын көз карашын, ишмердүүлүгүн баяндап, чагылдырып туруучу басма сөз органы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кете берем Бекбача, / Кержеңдесең тил албай, / Кекенчимди чыгарам, / Айдап малың чубатам, / Каратып туруп көзүңө, / Кырк балбаның сулатам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кырк миң торчу анда бар, / Колунда кыйма чынжыр бар, / Аларга мыктап жарлыгын, / Берип жүрөт Чынаача: / — Он миңден төрткө бөлүнүп, / Төрт баатырга барыңар, / Бирден тилди алыңар, / Келтирип туруп кыйамын, / Керилтип торду салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…п, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушул жерди жеткирип айта албай, жаман тил менен сомолоп гана койдум.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →