теңдеш2

китептерде 118 жолу, 9 китепте теңдеш 1 →теңдеш 3 →
  1. Бири-бирине барабар, тең келише алган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манас деп аты угулуп, / Жер бетине чыккалы, / Теңдешкенде кем кылып, / Маңдайга кебер шор кылып, / Эрдин баарын сойдуруп, / Эмгичекти баш бербей, / Келе жатат кыргыздар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…кырып, / Кененим үнүн укканда, / Дабытай калды шашылып, / Саламатка Дабытай, / Жандатып найза сайалбай, / Чолпонбай менен Сүйүндөй, / Өзөктөн канын жайалбай, / Теңдешкени Саламат, / Капталдан каны жошулуп, / Өлбөй калды эсен-сак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Уламадан укканда, / Уккан экен Жакып бай, / Укмуштуулар Жакыпка, / Айткан кеби мамындай: / “Ар качан барсаң катынга, / Кабагың ачпай сурданып, / Теңдешиңе каар төккүн, / Кабагың бүркөп түр салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күчүктү карап буркурап, / Сен олтургун, теңдешим, / Кызды алып көтөрүп, / Бир жерге таштап келейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Теңдешип бенде чыкпайт — деп, / Тирүү арбак, машайык, / Колдоочусу Алмамбет, / Белги кылып сылаган, / Беш колунун тагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →