теңдеш1
- Эрди-катындын бири.
- диал. Курбу, курдаш.
- Бирдей болуп аралашкандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манас деп аты угулуп, / Жер бетине чыккалы, / Теңдешкенде кем кылып, / Маңдайга кебер шор кылып, / Эрдин баарын сойдуруп, / Эмгичекти баш бербей, / Келе жатат кыргыздар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…кырып, / Кененим үнүн укканда, / Дабытай калды шашылып, / Саламатка Дабытай, / Жандатып найза сайалбай, / Чолпонбай менен Сүйүндөй, / Өзөктөн канын жайалбай, / Теңдешкени Саламат, / Капталдан каны жошулуп, / Өлбөй калды эсен-сак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Уламадан укканда, / Уккан экен Жакып бай, / Укмуштуулар Жакыпка, / Айткан кеби мамындай: / “Ар качан барсаң катынга, / Кабагың ачпай сурданып, / Теңдешиңе каар төккүн, / Кабагың бүркөп түр салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күчүктү карап буркурап, / Сен олтургун, теңдешим, / Кызды алып көтөрүп, / Бир жерге таштап келейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Теңдешип бенде чыкпайт — деп, / Тирүү арбак, машайык, / Колдоочусу Алмамбет, / Белги кылып сылаган, / Беш колунун тагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →