темин2

китептерде 110 жолу, 8 китепте темин 1 →
  1. Минген унааны ылдамыраак бастыруу үчүн бут менен капталга ургулоо, ургулап басыгын тездетүү.
  2. өт. Алга умтулуу, ыкчамдап аракеттенүү.
  3. Үзөңгүгө бут салган, үзөңгүнү тээп турган абалда болуу.
  4. Тап берүү, жутунган, обдулган абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кан токтобой кансырап, / Шайманы кетип алсырап, / Көз ачырбай Чакмакташ, / Жана тийди теминип, / Муштап өттү санына, / Найза менен керилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимден кеп угуп, / Кепке окшобос жеме угуп, / Теминип кирди Дабытай, / Дегеле жаман оолугуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Айнектей мейкин талаада, / Алмамбет айткан дөбө, деп, / Артымды карап көрөм деп, / Дайынсыз кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайта кирет теминип, / Кайда кеттиң, келгин, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Илгери карай теминсе, / Баспай турат бууданы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →