темин1

китептерде 110 жолу, 8 китепте темин 2 →
  1. Тебелетип кырман бастырыш үчүн катар чиркештире тизилген жана кырмандын ортосундагы мамыга байланган өгүздөрдүн же жылкынын тобу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кан токтобой кансырап, / Шайманы кетип алсырап, / Көз ачырбай Чакмакташ, / Жана тийди теминип, / Муштап өттү санына, / Найза менен керилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимден кеп угуп, / Кепке окшобос жеме угуп, / Теминип кирди Дабытай, / Дегеле жаман оолугуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Айнектей мейкин талаада, / Алмамбет айткан дөбө, деп, / Артымды карап көрөм деп, / Дайынсыз кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайта кирет теминип, / Кайда кеттиң, келгин, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Илгери карай теминсе, / Баспай турат бууданы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →