таң3

китептерде 786 жолу, 10 китепте таң 1 →таң 2 →
  1. Ороп, чырмап байлоо.
  2. Сынган же чыккан жерди ордуна келтирип, бекем ороп байлоо.
  3. Эркине, оюна койбой атып бир нерсени өткөрүүнүн, же бирөөнү макулдатуунун ж.б. аракетин кылуу, асылып сунуш кыла берүү, таңуулай берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…у карынын, / Айтаары ушул болбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тээ каңгайда калган таңгытты, / Көчүрүп кийин алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арданган Күдүк алайып, / Ачуусу келип карайып, / Энтиге түшүп дем алсаң, / Текечердей танайып, / Энтелей басып алыптыр, / Жоолугун алып колуна, / Терин аарчый салыптыр, / Таң кашкайган маалда, / Алмамбетке барыптыр, / Күдүктү көрүп Алакең, / Айран азыр калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейтек угуп кабарды, / Ордого түшүп жай алды, / Аттанбай кайра түштү, деп, / Көргөн элдер таң калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
"Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт", – деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →