таң1

китептерде 786 жолу, 10 китепте таң 2 →таң 3 →
  1. Түн караңгысы тарап, айланага жарык кире баштаган кез, күндүзгү маалдын башталышы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…у карынын, / Айтаары ушул болбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тээ каңгайда калган таңгытты, / Көчүрүп кийин алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арданган Күдүк алайып, / Ачуусу келип карайып, / Энтиге түшүп дем алсаң, / Текечердей танайып, / Энтелей басып алыптыр, / Жоолугун алып колуна, / Терин аарчый салыптыр, / Таң кашкайган маалда, / Алмамбетке барыптыр, / Күдүктү көрүп Алакең, / Айран азыр калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейтек угуп кабарды, / Ордого түшүп жай алды, / Аттанбай кайра түштү, деп, / Көргөн элдер таң калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
"Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт", – деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →