тартма2
- аңч. Тордун ичинде байланган байлоочту төлөдө жаткан саятчы улам тартып кыймылга келтирүүчү, талпындыруучу узун жип.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тарпыңды сенин чыгарып, / Кийгизбей тартма жылаңач, / Башыңдан жыдып чыккан чач, / Көзүңдөн аккан кандуу жаш, / Кыйнаган сени кишиң ким?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кардыгачтын Карасуу, / Түбү тартма кудук бу, / Кирген тирүү калабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Асман тиреп заңкайган, / Кызыл зоого кезигип, / Эт жүрөгү эзилип, / Арка жагы кызыл суу, / Алды жагы жанагы, / Мелтиреген кызыл зоо, / Суу менен зоонун ортосу, / Бир тарабы көпкөк муз, / Бир тарабы тартма кум, / Муз менен кумдун үстүндө, / Түтүнү туман мунарык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эрлик менен аттанып, / Эбин таап кирсем — деп, / Урма ташта жез ноого, / Бурап тартма жерине, / Чыгарып алма тээгине.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Же болбосо Калдуубет, / Түбү жок тартма кудукпу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →