тартма1

китептерде 7 жолу, 5 китепте тартма 2 →
  1. Элечектин белчесинен бастыра оролгон, жазылыгы төрт элиден ашыгыраак келип, бир нече кабат бүктөлгөн ак кездеме.
  2. Столдун, шкафтын ж.б. үкөк түрүндөгү суурмасы.
  3. диал. Басмайыл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тарпыңды сенин чыгарып, / Кийгизбей тартма жылаңач, / Башыңдан жыдып чыккан чач, / Көзүңдөн аккан кандуу жаш, / Кыйнаган сени кишиң ким? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кардыгачтын Карасуу, / Түбү тартма кудук бу, / Кирген тирүү калабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Асман тиреп заңкайган, / Кызыл зоого кезигип, / Эт жүрөгү эзилип, / Арка жагы кызыл суу, / Алды жагы жанагы, / Мелтиреген кызыл зоо, / Суу менен зоонун ортосу, / Бир тарабы көпкөк муз, / Бир тарабы тартма кум, / Муз менен кумдун үстүндө, / Түтүнү туман мунарык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эрлик менен аттанып, / Эбин таап кирсем — деп, / Урма ташта жез ноого, / Бурап тартма жерине, / Чыгарып алма тээгине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Же болбосо Калдуубет, / Түбү жок тартма кудукпу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →