талаш2

китептерде 216 жолу, 10 китепте талаш 1 →
  1. Кандайдыр бир маселе боюнча же кандайдыр бир максатка байланыштуу тартышка түшүп айтышуу, тартышуу, өзүнүн оюн далилдөөнүн аракетин кылуу.
  2. Белгилүү бир кызыкчылыкты көздөө, таламды, намысты жактоо.
  3. Өз жагына алуу, өзүнө ыйгаруу аракетин кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…унуп, / Биринен-бири сураса, / Алабек менен Малабек, / Токсон беште тең экен, / Козубек бир жаш чоң экен, / Анда айтат Козубек: / — Жашым менин чоң экен, / Жол талашпа, баатырлар, / Силерден мурун алдыда, / Менин барар жолум бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эркиңе койдум нечен күн, / Эрдик жолун талашкан, / Эрди сынап көрөм деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…деп, / Кирип чыгып эшикке, / Токтоно албай элеңдеп, / Балта айткан бир кеп бар: / “Жакып, Шыгай бир эле, / Бир катындан эле, — деп, / Тар курсактан тебишкен, / Талашып эмчек эмишкен, / Атам менин Шыгайдын, / Энеси экөө бир экен, / Шыгайга барып түшөм”, — деп, / Ойунда Манас бул экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эркек киши болгондон, / Барбады бирөө жанына, / Кыңырак, канжар, кестигин, / Ташка кайрап алышып, / Кескилеп кирди тирүүлөй, / Катындын баары талашып, / Таразага салышып, / Тартып алтын алышып, / Өзөгү сак өлбөстөн, / Канчоро турат кайышып, / Кубалап чыкты аларды, / Гүлчоро, Бакай, Сейитек, / Талаадан келип калышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бирок эми ал кызды мен алам, сен алам болуп талашып киришет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →