талаш1

китептерде 216 жолу, 10 китепте талаш 2 →
  1. Бирдей болуп чыкпаган, ар түрдүү ойлордон, пикирлерден же келише албоочулуктан пайда болгон айтыш, тартыш.
  2. Ачык-айкын эмес, чечиле элек.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…унуп, / Биринен-бири сураса, / Алабек менен Малабек, / Токсон беште тең экен, / Козубек бир жаш чоң экен, / Анда айтат Козубек: / — Жашым менин чоң экен, / Жол талашпа, баатырлар, / Силерден мурун алдыда, / Менин барар жолум бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эркиңе койдум нечен күн, / Эрдик жолун талашкан, / Эрди сынап көрөм деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…деп, / Кирип чыгып эшикке, / Токтоно албай элеңдеп, / Балта айткан бир кеп бар: / “Жакып, Шыгай бир эле, / Бир катындан эле, — деп, / Тар курсактан тебишкен, / Талашып эмчек эмишкен, / Атам менин Шыгайдын, / Энеси экөө бир экен, / Шыгайга барып түшөм”, — деп, / Ойунда Манас бул экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эркек киши болгондон, / Барбады бирөө жанына, / Кыңырак, канжар, кестигин, / Ташка кайрап алышып, / Кескилеп кирди тирүүлөй, / Катындын баары талашып, / Таразага салышып, / Тартып алтын алышып, / Өзөгү сак өлбөстөн, / Канчоро турат кайышып, / Кубалап чыкты аларды, / Гүлчоро, Бакай, Сейитек, / Талаадан келип калышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бирок эми ал кызды мен алам, сен алам болуп талашып киришет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →