такыр2
- Түк, эч бир.
- Бүт, мүлдө, бүтүндөй.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ысыккөл, Текес, Илени, / Такыр талап кеттиңер, / Тоо бойунда элдерди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
бар, / Баарын угуп Дабытай, / Эки көзү жалдырап, / Колу-буту шалдырап, / Тил байланып, балдырап, / Бойго кирип калтырак, / Олтуруп кетип бир далай, / Чоңдорун такыр чогултуп, / Топтуу караан олтуруп, / Коросондун Дабытай, / Короосунда күпүлдөйт: / — Кыргыздан келген кызталак, / Тең кишидей кат жазат, / Көрсөтөм деп дүпүлдө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Баатырдан нечен эр келип, / Агытып ийди үч пилди, / Булаңдатып тумшугун, / Дүмүрөңдөп жүгүрүп, / Такыр баары бүт келип, / Чуулдашат аламан, / Бирине бири дем берип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ай эсептеп, күн санап, / Болжоп жүрүп Орусхан, / Таласка келип конду, деп, / Канчоро менен Кыйазды, / Талкалап такыр болду, деп, / Айткан эле биздерге, / Гүлнарды алып көчүрүп, / Келатабыз бул жерге”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Сегизинчи күнү өгүз такыр чөп жебей калды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →