такыр1

китептерде 328 жолу, 10 китепте такыр 2 →
  1. Эч кандай өсүмдүк өспөгөн, чөп чыкпаган.
  2. Чачы жок, түгү жок, такырайган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ысыккөл, Текес, Илени, / Такыр талап кеттиңер, / Тоо бойунда элдерди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
бар, / Баарын угуп Дабытай, / Эки көзү жалдырап, / Колу-буту шалдырап, / Тил байланып, балдырап, / Бойго кирип калтырак, / Олтуруп кетип бир далай, / Чоңдорун такыр чогултуп, / Топтуу караан олтуруп, / Коросондун Дабытай, / Короосунда күпүлдөйт: / — Кыргыздан келген кызталак, / Тең кишидей кат жазат, / Көрсөтөм деп дүпүлдө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Баатырдан нечен эр келип, / Агытып ийди үч пилди, / Булаңдатып тумшугун, / Дүмүрөңдөп жүгүрүп, / Такыр баары бүт келип, / Чуулдашат аламан, / Бирине бири дем берип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ай эсептеп, күн санап, / Болжоп жүрүп Орусхан, / Таласка келип конду, деп, / Канчоро менен Кыйазды, / Талкалап такыр болду, деп, / Айткан эле биздерге, / Гүлнарды алып көчүрүп, / Келатабыз бул жерге”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Сегизинчи күнү өгүз такыр чөп жебей калды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →