сырдаш2

китептерде 33 жолу, 8 китепте сырдаш 1 →
  1. Сырын айтуу, сыр айтышуу, сыр алышуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сынап көрдүм сени мен, / Аламын дедиң мени сен, / Сырдашайын деп келсем, / Тааныбасаң билбесең. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бастырып жөнөй берерде, / Өзү алчын эли эле, / Сакалында агы бар, / Субатай деген неме эле, / Шоорук менен Мөңкөтай, / Сырдашканын угуптур, / Качып жолго чыксын, деп, / Сыр билгизбей туруптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ар, / Баарысы менден табылат, / Он жылы жылуу тургузуп, / Өттү жүрдүм асырап, / Деп айтканда Суумерген, / Угуп туруп Кызыл алп, / Айткан кеби бул экен: / — Чоң сырдашым сен элең, / Айтканыңды бурбастан, / Баарын кылчуу мен элем, / Көзүм катып баратат, / Дарыңды берсең, мен жесем, / Шишик басып кетерин, / Аны ойлоп билбесем, - … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Эл баштыгы алтымыш, / Эр Көкчөнүн залдары, / Арактан берип Көкчөгө, / Мас кылып аны салышты, / Кызымтал болгон кездерде, / Бир ооз болуп баарысы, / Көкчө менен сырдашып, / Таамай ыгын табышты: / — Агеркеч менен Алмамбет, / Алышкан жар – деп айтышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Унчукпай туруп алганда: / — Ой Канчоро курдашым, / Мен Гүлчоро сырдашың, / Ишенгиниң нээтиңде, / Саа жамандык кылбасым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →