сырдаш1
- Сырын билген, мурдатан сыр айтышып жүргөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сынап көрдүм сени мен, / Аламын дедиң мени сен, / Сырдашайын деп келсем, / Тааныбасаң билбесең.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бастырып жөнөй берерде, / Өзү алчын эли эле, / Сакалында агы бар, / Субатай деген неме эле, / Шоорук менен Мөңкөтай, / Сырдашканын угуптур, / Качып жолго чыксын, деп, / Сыр билгизбей туруптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ар, / Баарысы менден табылат, / Он жылы жылуу тургузуп, / Өттү жүрдүм асырап, / Деп айтканда Суумерген, / Угуп туруп Кызыл алп, / Айткан кеби бул экен: / — Чоң сырдашым сен элең, / Айтканыңды бурбастан, / Баарын кылчуу мен элем, / Көзүм катып баратат, / Дарыңды берсең, мен жесем, / Шишик басып кетерин, / Аны ойлоп билбесем, - …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Эл баштыгы алтымыш, / Эр Көкчөнүн залдары, / Арактан берип Көкчөгө, / Мас кылып аны салышты, / Кызымтал болгон кездерде, / Бир ооз болуп баарысы, / Көкчө менен сырдашып, / Таамай ыгын табышты: / — Агеркеч менен Алмамбет, / Алышкан жар – деп айтышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Унчукпай туруп алганда: / — Ой Канчоро курдашым, / Мен Гүлчоро сырдашың, / Ишенгиниң нээтиңде, / Саа жамандык кылбасым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →