сыйлык2
- Кысылып жылуу, жылышуу, жылып батышып отуруу, батышып орун алуу, батуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бактыбайды олжолоп, / Жөөткө берип сыйлыкка, / Өз майына кыргыздын, / Өзүн кууруп тынбасам, / Калдык атым курусун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сыйлыгып көбү казактын, / Илени көздөй айланды, / Эбине келсе наары ашып, / Үч каркыра баргалы, / Же болбосо тоо бойлоп, / Капалга кетип калгалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жасатыңды найзага, / Илип алып, Кененим, / Дабытайга барбасам, / Талана атым курусун, / Алтын жака асыл тон, / Сыйлыгымы албасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…луңдарда каргыма, / Боржуйган сонун саймасы, / Хан Манас сунуп Ажыма, / Калдайган тонду карматты, / Мына укмуш тамаша, / Менсеп берди башына, / — Куттуу болсун сыйлык, – деп, / Курдаштар келди кашына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыбыладан жел чыгып, / Булуттар көчүп сыйлыгып, / Чыгышты карай жылыптыр, / Аңгычакты күмбөздөн, / Айкөл шердин сыр найза, / Койкойо тартып чыгыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →