сыйлык1

китептерде 20 жолу, 9 китепте сыйлык 2 →
  1. Кадырлоо, урматтоо эмгегине, талантына баа берүү максатында акчалай, буюмдай же орден, медаль ж.б. түрүндө берилүүчү сый, белек, Эмгекчилерге берилген акчалай сыйлык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бактыбайды олжолоп, / Жөөткө берип сыйлыкка, / Өз майына кыргыздын, / Өзүн кууруп тынбасам, / Калдык атым курусун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сыйлыгып көбү казактын, / Илени көздөй айланды, / Эбине келсе наары ашып, / Үч каркыра баргалы, / Же болбосо тоо бойлоп, / Капалга кетип калгалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жасатыңды найзага, / Илип алып, Кененим, / Дабытайга барбасам, / Талана атым курусун, / Алтын жака асыл тон, / Сыйлыгымы албасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…луңдарда каргыма, / Боржуйган сонун саймасы, / Хан Манас сунуп Ажыма, / Калдайган тонду карматты, / Мына укмуш тамаша, / Менсеп берди башына, / — Куттуу болсун сыйлык, – деп, / Курдаштар келди кашына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыбыладан жел чыгып, / Булуттар көчүп сыйлыгып, / Чыгышты карай жылыптыр, / Аңгычакты күмбөздөн, / Айкөл шердин сыр найза, / Койкойо тартып чыгыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →