сеңсел2

китептерде 15 жолу, 6 китепте сеңсел 1 →
  1. диал. Сапсаң көрпө.
  2. диал. өт. Олжолуу, жолдуу адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Болжошкон жерге келбестен, / Атбашы барса темселеп, / Аскеринен ажырап, / Араң турса сеңселеп, / Караңгыда бул үйдө, / Не жумуш бар темселеп, / Олтур десе болбостон, / Чыгып кетти энтелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, / Асман көктү каратып, / Атырылтып каргытып, / Аркасында чаң калып, / Көк түбүк найза карманып, / Өңү сары, көзү көк, / Бузулуп жаман сурданып, / Сакалы сары сеңселип, / Кармашарга жоо десе, / Каарданып эңсенип, / Качырып чыкты Кененим, / Манастап ураан чакырып, / Калтаарытып бар элди, / Жапырып чыкты Кененим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үрбү окуп ал катты, / Башын чайкап теңселип, / Кыл муруту сеңселип: / — Болбостур, Ажым, болбостур, / Бара жатса он төрт хан, / Мен бөлүнүп калсам оңбосмун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ысы, / Өлүмдөн башка ойдо жок, / Эндирешип калышты, / Колунан кетип намысы, / Кененимдин эр Сейит, / Телкүрөң менен теңселип, / Аркасында айдары, / Шамал тийсе сеңселип, / “Падыша кудай колдо – деп, / Бабам Манас арбагы, / Азир болор жолдо, деп, / Алмамбет, Чубак – эгиз эр, / Абам Сыргак кеменгер, / Олуйа Бакай, шер Семей / Чо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…/ Агытпады бекер, деп, / Аңгычакты ар жактан, / Каныкей келди эпеңдеп, / Басып келди хан Бакай, / Калтырап муун тепеңдеп, / Желге ыргалып абаңдын, / Кыл сакалы сеңселет, / Теңселе басып Айчүрөк, / Бу да келди энтелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →