сеңсел1
- Селкилдеп, ыргалып туруу (жүн, чач же жыш өскөн чөп, эгин ж.б. жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Болжошкон жерге келбестен, / Атбашы барса темселеп, / Аскеринен ажырап, / Араң турса сеңселеп, / Караңгыда бул үйдө, / Не жумуш бар темселеп, / Олтур десе болбостон, / Чыгып кетти энтелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, / Асман көктү каратып, / Атырылтып каргытып, / Аркасында чаң калып, / Көк түбүк найза карманып, / Өңү сары, көзү көк, / Бузулуп жаман сурданып, / Сакалы сары сеңселип, / Кармашарга жоо десе, / Каарданып эңсенип, / Качырып чыкты Кененим, / Манастап ураан чакырып, / Калтаарытып бар элди, / Жапырып чыкты Кененим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үрбү окуп ал катты, / Башын чайкап теңселип, / Кыл муруту сеңселип: / — Болбостур, Ажым, болбостур, / Бара жатса он төрт хан, / Мен бөлүнүп калсам оңбосмун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ысы, / Өлүмдөн башка ойдо жок, / Эндирешип калышты, / Колунан кетип намысы, / Кененимдин эр Сейит, / Телкүрөң менен теңселип, / Аркасында айдары, / Шамал тийсе сеңселип, / “Падыша кудай колдо – деп, / Бабам Манас арбагы, / Азир болор жолдо, деп, / Алмамбет, Чубак – эгиз эр, / Абам Сыргак кеменгер, / Олуйа Бакай, шер Семей / Чо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…/ Агытпады бекер, деп, / Аңгычакты ар жактан, / Каныкей келди эпеңдеп, / Басып келди хан Бакай, / Калтырап муун тепеңдеп, / Желге ыргалып абаңдын, / Кыл сакалы сеңселет, / Теңселе басып Айчүрөк, / Бу да келди энтелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →