сандал2
- эск. Үйдүн (боз үйдүн) ичин жылытуу жана жылынуу үчүн жасалган очок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ээси жок калган биздин эл, / Ээсин таппай сандалат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
деп, / Дагы бирөөн караса, / Келген аскер андан көп, / Сайдын куму шекилдүү, / Сандалып келе жатыптыр, / Асты чыгып белеске, / Ашкалы келе жатыптыр, / Чогулуп келип бир болгон, / Жылкы саноо колоттон, / Жол талашып жатыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Же кууган жоону таппасаң, / Же жүрө бербей сандалап, / Таласты карай кайтпасаң, / Арамдыгың болбосо, / Жетет элең качканга, / Же барат элең Таласка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…/ Бир тарабы карарды, / Аскерге толуп жер калды; / Бир тарабы агарды, / Ааламдын баарын кол алды; / Бир тарабы саргарды, / Дөбөдө туруп эр Чубак, / Акылы качып сандалды, / Алмамбетке эр Чубак, / Айтып кебин зарланды: / — Мен дүрбүдөн көрдүм көп элди, / Аскер эмес сел болду, / Акылым жетпей тел болду, / Көрүп калсам нетебиз, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сандалып турган калың журт, / Сапырылып барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →