сандал1

китептерде 74 жолу, 10 китепте сандал 2 →сандал 4 →
  1. Түштүк өлкөлөрдө өсүүчү жыттуу сөңгөктүү бак.
  2. Ушул бактын сөңгөгүнөн жана кээ бир бактардан алынуучу боёк.
  3. Көбүнчө такасыз тигилген жеңил, жайкы бут кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ээси жок калган биздин эл, / Ээсин таппай сандалат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
деп, / Дагы бирөөн караса, / Келген аскер андан көп, / Сайдын куму шекилдүү, / Сандалып келе жатыптыр, / Асты чыгып белеске, / Ашкалы келе жатыптыр, / Чогулуп келип бир болгон, / Жылкы саноо колоттон, / Жол талашып жатыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Же кууган жоону таппасаң, / Же жүрө бербей сандалап, / Таласты карай кайтпасаң, / Арамдыгың болбосо, / Жетет элең качканга, / Же барат элең Таласка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Бир тарабы карарды, / Аскерге толуп жер калды; / Бир тарабы агарды, / Ааламдын баарын кол алды; / Бир тарабы саргарды, / Дөбөдө туруп эр Чубак, / Акылы качып сандалды, / Алмамбетке эр Чубак, / Айтып кебин зарланды: / — Мен дүрбүдөн көрдүм көп элди, / Аскер эмес сел болду, / Акылым жетпей тел болду, / Көрүп калсам нетебиз, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сандалып турган калың журт, / Сапырылып барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →