санат2
- Эсеп, бир нерсенин жалпы саны; санак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эл чогулуп болгондо, / Жер каптап аскер толгондо, / Алтымыш балбан санаты, / Булардын ишин карачы, / Ар балбандын колунда, / Чокморлору кармалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Суудан кечип чыкканда, / Өгүз өтмөк, тай өтмөк, / Өрдөшүнө барганда, / Колду эсепке алганда, / Хандар эсен, кол эсен, / Тазбайматтын бир киши, / Санатында кем экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Энчиге беш жүз жылкы айдап, / Отуз төөгө жүк камдап, / Отунчу менен казанчы, / Санаты жыйырма экен, дейт, / Чоңтескей келип конду, дейт, / Бир бала келди кабарга, / Маа айтканы ушул кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Анын санаты жок дейт...!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →