санат1

китептерде 163 жолу, 10 китепте санат 2 →
  1. Үлгү болорлук, сабак болорлук насыят сөз.
  2. адаб. Уйкашкан бир нече учкул сөздөн турган үлгү, насыят маанисинде айтылган ыр.
  3. Шаани, шаан-шөкөт.
  4. Жаза, бирөөгө көрсөтөр кордук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эл чогулуп болгондо, / Жер каптап аскер толгондо, / Алтымыш балбан санаты, / Булардын ишин карачы, / Ар балбандын колунда, / Чокморлору кармалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Суудан кечип чыкканда, / Өгүз өтмөк, тай өтмөк, / Өрдөшүнө барганда, / Колду эсепке алганда, / Хандар эсен, кол эсен, / Тазбайматтын бир киши, / Санатында кем экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Энчиге беш жүз жылкы айдап, / Отуз төөгө жүк камдап, / Отунчу менен казанчы, / Санаты жыйырма экен, дейт, / Чоңтескей келип конду, дейт, / Бир бала келди кабарга, / Маа айтканы ушул кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анын санаты жок дейт...! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →