сан2

китептерде 448 жолу, 10 китепте сан 1 →
  1. Эсеп ишин жүргүзүүгө, бир нерсенин эсебин, канча экенин көрсөтүүгө колдонулган түшүнүк.
  2. Газета, журналдын улам чыгып турган белгилүү кезеги, номерлери.
  3. грам. Көптүктү же жекеликти билдирүүчү морфологиялык каражаттар менен берилген грамматикалык категория.
  4. Өтө көп, эсеп жеткис.
  5. өт. Адам катары, барктуулук эсеби.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалаңгыч сарык Кененим, / Токсон күн тамам болгунча, / Үч ай жүзү толгунча, / Асылча менен Бекбача, / Бактыбай бар жанында, / Отуз эки ат машын, / Саны толук кырк экен, / Эр жигиттин жөө машы, / Бир кишиге аз деди, / Жетимиш эки өнөрдү, / Ошонун баарын үйрөтүп, / Оорагын мунун көтөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Токочтун саны жүз сексен, / Тойбоймун арзан мен жексен, / Ооз оту болор жерим жок, / Жүз сексенди мен жесем, / Атан төө сойгун, уй сойгун, / Ага кошуп кой сойгун, / Чочко сойгун, ит сойгун, / Алты күнгө дайарда, / Арактан алты көөкөрдү, / Азыр ичем экөөнү, / Тамакка кошуп төртөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип калат аш сурап, / “Ай, Айчүрөк, Айчүрөк, / Ой, Каныкей, Каныкей… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Койлор аркы өйүзгө чыгып болгон кезде, биз шымыбызды жоон санга чейин түрүп салып, төмөн жактан сайроолоп кирдик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →