сан1
- Буттун жамбаштан тизеге чейинки бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалаңгыч сарык Кененим, / Токсон күн тамам болгунча, / Үч ай жүзү толгунча, / Асылча менен Бекбача, / Бактыбай бар жанында, / Отуз эки ат машын, / Саны толук кырк экен, / Эр жигиттин жөө машы, / Бир кишиге аз деди, / Жетимиш эки өнөрдү, / Ошонун баарын үйрөтүп, / Оорагын мунун көтөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Токочтун саны жүз сексен, / Тойбоймун арзан мен жексен, / Ооз оту болор жерим жок, / Жүз сексенди мен жесем, / Атан төө сойгун, уй сойгун, / Ага кошуп кой сойгун, / Чочко сойгун, ит сойгун, / Алты күнгө дайарда, / Арактан алты көөкөрдү, / Азыр ичем экөөнү, / Тамакка кошуп төртөөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип калат аш сурап, / “Ай, Айчүрөк, Айчүрөк, / Ой, Каныкей, Каныкей…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Койлор аркы өйүзгө чыгып болгон кезде, биз шымыбызды жоон санга чейин түрүп салып, төмөн жактан сайроолоп кирдик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →