салгылаш2

китептерде 40 жолу, 7 китепте салгылаш 1 →
  1. Урушуу, согушуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Салгылашып Чакмакташ, / Чакчалекей будуң чаң, / Болуп жаткан кезинде, / Өмүрхандын Кызылкыз, / Көйкапка барып келатып, / Көрүп калып асмандан, / Кыз супатын таштады, / Эркекче кийе баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Салгылаша келгенде, / Атасы өлгөн Сарыбай, / Кутургурдан кем эмес, / Адам болжор эр эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сокуну минип ат кылдым, / Сок белекти камчы алдым, / Үзөнгү болду туткучум, / Найза болду куургучум, / Кылыч болду ирегим, / Калкан болду супурам, / Жаргылчагым – чарайна, / Желпүүрүн табак – туулга, / Андан башка нечен түр, / Өнөрүм бар бир канча, / Айанбадым Сейиттен, / Салгылаштым мен канча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кайсы түрдө эл болсо, / Душман болсо, дос болсо, / Алдынан тосо барайын, / Издеп келген дос болсо, / Учурашып жанайын, / Кекенип келген жоо болсо, / Салгылашып багайын, / Талпагын ташка керейин, / Тартынбай туруп өлөйүн” / Деп ошентип Кара дөө: / — Жанымда Токой жолдошум, / Ар качан бирге сен болдуң, / Кайыпчы мага ак… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ошонгочо Мадыкан, / Салгылашып жүрүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →