салгылаш1
- Уруш, согуш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Салгылашып Чакмакташ, / Чакчалекей будуң чаң, / Болуп жаткан кезинде, / Өмүрхандын Кызылкыз, / Көйкапка барып келатып, / Көрүп калып асмандан, / Кыз супатын таштады, / Эркекче кийе баштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Салгылаша келгенде, / Атасы өлгөн Сарыбай, / Кутургурдан кем эмес, / Адам болжор эр эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сокуну минип ат кылдым, / Сок белекти камчы алдым, / Үзөнгү болду туткучум, / Найза болду куургучум, / Кылыч болду ирегим, / Калкан болду супурам, / Жаргылчагым – чарайна, / Желпүүрүн табак – туулга, / Андан башка нечен түр, / Өнөрүм бар бир канча, / Айанбадым Сейиттен, / Салгылаштым мен канча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кайсы түрдө эл болсо, / Душман болсо, дос болсо, / Алдынан тосо барайын, / Издеп келген дос болсо, / Учурашып жанайын, / Кекенип келген жоо болсо, / Салгылашып багайын, / Талпагын ташка керейин, / Тартынбай туруп өлөйүн” / Деп ошентип Кара дөө: / — Жанымда Токой жолдошум, / Ар качан бирге сен болдуң, / Кайыпчы мага ак…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ошонгочо Мадыкан, / Салгылашып жүрүптүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →