саз3

китептерде 106 жолу, 9 китепте саз 1 →саз 2 →
  1. диал. Жакшы, түзүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңгыттардын хан Калдык, / Кабагы калың өзү саз, / Өңгө киши турмайлык, / Бир курсактан туулган, / Жатындашка сыр айтпас, / Булардын жетип түбүнө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Баатырдан найза жеткенде, / Тоону талкан жерди бас, / Кургак жерден суу чыгып, / Көл айланып болгон саз, / Отор аттан кулады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Саз чылпылдап суу чыгып, / Какырдар арык коо чыгып, / Эки күнү -эки түн, / Эрикпестен күрөштү, / Эгем өзү билбесе, / Эми кандай болушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лар шашкан, деп, / Угулган артык кайраты, / Азыркы өсмүр жаштан деп, / Какырдын ташын казылтып, / Кумдардын көккө чачылтып, / Уландырып кармашты, / Былкылдатып саздарды, / Кезегинде Алмамбет, / Кеңири ачкан майданды, / Кытай, калмак, чубуртуп, / Манжу, заңын кошултуп, / Шибээ, солон, аралаш, / Топого канын жуурултуп, / Кагылыш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Кыз баягы тазды ээрчитип, бир камыштуу саздын жээгине алып барат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →