саз1
- Токтоп калган суулуу, шалбаалуу, чым көңдүү жер.
- Кер сары тарткан, саргыч тарткан, кубарган өң.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыттардын хан Калдык, / Кабагы калың өзү саз, / Өңгө киши турмайлык, / Бир курсактан туулган, / Жатындашка сыр айтпас, / Булардын жетип түбүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баатырдан найза жеткенде, / Тоону талкан жерди бас, / Кургак жерден суу чыгып, / Көл айланып болгон саз, / Отор аттан кулады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Саз чылпылдап суу чыгып, / Какырдар арык коо чыгып, / Эки күнү -эки түн, / Эрикпестен күрөштү, / Эгем өзү билбесе, / Эми кандай болушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…лар шашкан, деп, / Угулган артык кайраты, / Азыркы өсмүр жаштан деп, / Какырдын ташын казылтып, / Кумдардын көккө чачылтып, / Уландырып кармашты, / Былкылдатып саздарды, / Кезегинде Алмамбет, / Кеңири ачкан майданды, / Кытай, калмак, чубуртуп, / Манжу, заңын кошултуп, / Шибээ, солон, аралаш, / Топого канын жуурултуп, / Кагылыш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Кыз баягы тазды ээрчитип, бир камыштуу саздын жээгине алып барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →